ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кудайберген” базарында ар бир жума күнү санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт

“Кудайберген” унаа тетиктеринин базары автосүйүүчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттап турчу базары.

Статистикалык маалыматтар боюнча Бишкек шаарында күн сайын эки жүздөн ашык автоунаа катталат, алардын көпчүлүгү мурда колдонулган унаалар. Шаарда автоунаалардын санынын өсүшүнө байланыштуу, “Кудайберген” базарына, ага жакын жайгашкан ТТС жана унаа оңдоочу жайларга адамдардын каттамдары да көбөйүүдө.

Мындай кырдаал базардын айланасындагы санитардык, экологиялык абалдын начарлашына алып келип, шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратууда.

Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жана Биринчи май райондук администрациясы “Кудайберген” базарынын айланасында ар бир жума күнү санитардык тазалоо жана жашылдандырып, көрктөндүрүү иштерин уюштуруу чечимин кабыл алды.

Тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларын 23-майда баштоо белгиленүүдө.