ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Шаарга жашоо тартуулайбыз!”. Бизнес менен муниципалитеттин өнөктөштүгү

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов жана “Газпром нефть Азия” компаниясынын башкы директору Б.Абилдаев шаардын инфрастуктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча “Кызматташтык жөнүндө келишимге” кол коюшту.

Аталган  келишимдин алкагында шаарды көрктөндүрүүгө багытталган “Шаарга жашоо тартуулайбыз!” долбоору ишке киргизилди. Долбоорго сейил бактарды курчоо, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, бак-дарактардын санын көбөйтүү, балдар аянтчаларын, эс алуу жана спорт аянттарын куруу иш-чаралары кирет.

“Биз Бишкек шаарын ыңгайлуу шаарга айлантышыбыз зарыл. Муниципалитет менен бизнестин тыгыз кызматташтыгы өзүнүн натыйжасын жакынкы мезгилде берерине толук ишенем”,- деп белгиледи шаар мэри.

Келишимдин алкагында 20 дан ашуун балдар аянтчаларынын курулушу башталды. Алардын алгачкысы май айынын аягында ачылат.

Өз сөзүндө Б.Абилдаев төмөнкүлөргө токтолду: “Биз шаарды көрктөндүрүүгө багытталган демилгелерди дайыма колдойбуз. Учурда аткарылып жаткан иш-чаралар кичинекей шаардыктарга арналып жаткандыгы кубандырууда. Мындан ары да биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштейбиз”.