ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Тай боксу боюнча дүйнөлүк биринчиликтин байге ээлерин кабыл алуу

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрация башчысы А.Алиев, тай боксу боюнча дүйнөлүк биринчиликтин байге ээлери – Мирбек Качкынбаев (күмүш медалдын ээси) жана Тимур Баркалбасов (коло медалдын ээси) менен жолукту.

Дүйнө биринчилиги 2014-жылдын 1-майынан 10-майына чейин Малайзияда өттү.

Райондун жетекчиси байге ээлерин жеңиштери менен куттуктады жана ийгиликтерди каалады. Спортчулардын дүйнөлүк биринчиликке катышуусуна райондук мамлекеттик администрация материалдык колдоо көрсөткөн.