ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов району боюнча санитардык абал текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 2014-жылдын 12-майында шаардын Свердлов району боюнча санитардык текшерүүлөр өткөрүлдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Мичурин көчөсү, 161 дарегинде жайгашкан металл жана пластика кабыл алуу ишканасынын кызматкерлери тарабынан металлды газонго, сугат тармактарына жыйууга жол берилген.

Рейддин жыйынтыгы менен ишкананын жетекчиси Г.Шамурзаеванын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-489-беренелери боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.