ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Энелер күнү” белгиленет

Баш калаада үстүбүздөгү жылдын 15-майында саат 10.00до Свердлов районунун №4-орто мектебинде “Энелер күнүнө” арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамдык иш-чарага баатыр энелер, “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелер катышат.

Свердлов районунда 109 баатыр энелер,  “Эне даңкы” медалы менен сыйланган 39 эне жашайт.

Иш-чарага катышкан энелерге Свердлов райондук Балдар чыгармачылык борбору даярдаган концерттик программа  тартууланат жана ар бир энеге 1 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылат.