“Кулатуу” улуттук күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 13.05.2014 11:41
Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети “Кулатуу” улуттук күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилигин өткөрөт.
Спорттук иш-чара 2014-жылдын 17-18-майында саат 9.00до спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорт мектебинде өткөрүлөт Ж.Абдрахманов көчөсү, 170).
Мелдештерге республиканын баардык облустарынан 16 жаштан 18 жашка чейинки балбандар катышат. 16-майда спортчуларды каттоо, таразага тартуу жана салмактык категорияга бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Мелдештер жеке-командалык эсепте өткөрүлөт.
Спорттук мелдештер спорттун аталган түрүн жана жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо максатында өткөрүлмөкчү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |