ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарда “Коомдук транспорт” рейди өткөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарында маршруттук кичи автобустардын ишин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Текшерүү комиссиясынын курамына Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек шаарынын ИИББнын Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 28 кичи автобустардын иштеринде кемчиликтер аныкталып, иштен четтетилди. Аталган кичи автобустар техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербейт. Рейддин жыйынтыгы менен актылар түзүлүп, кемчиликтерди жюу боюнча айдоочуларга жана фирма жетекчилерине мөөнөт берилди.

Бул багытта текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө, алсак 2014-жылдын 17-апрелинен 8-майына чейин кичи автобустардын 565 бирдиги иштеринен четтетилген.