ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеңиш күнүнө арналган шаардык иш-чаралар

7-майда баш калаада Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган шаардык иш-чаралар өткөрүлдү.

Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлерин Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Жеңиш майрамы менен куттукуктады:

“Сиздерди Улуу Жеңиштин 69 жылдык майрамы менен чын ниетимден куттуктайм! Мезгил бизден 1945-жылдын 9-майын алыстаткан сайын, бул тарыхий күндүн катарыбызды бириктирүү күчү улам жогорулоодо жана Улуу Жеңиштин жаратуучулары – Сиздер менен байланышып,  баарлашуу улам кымбат, улам баалуу болуп барууда.
Сиздердин биздин келечегибиз үчүн көрсөткөн эрдигиңиздер баа жеткис жана бийик. Бардыгыбыз бул күжүрмөн эрдиктин алдында тизе бүгүп, башыбызды ийип таазим кылабыз. Анткени, ошол эрдиктин натыйжасында жашап, эмгектенип, өнүгүп келебиз.  Урматтуу ардагерлер, кийинки муундун өмүрүн сактоо үчүн өз өмүрүңөрдү кыйып, ажал менен кармашып, бүгүнкү биздин заманды сактап калдыңыздар.
Аталарыбыздын  күжүрмөн эрдигине татыктуу болуш – жаш муундун, келечек ээлеринин ыйык милдети. Ошондуктан, жаштардын тарыхты жакшы өздөштүрүү менен бирге адамгерчиликтин бийик сапаттарына ээ болушу өтө маанилүү.
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм, таза ден-соолук, жакшылыктарды жана тынчтык каалайм!”.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда 331 Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучусу, согуштун 86 майыбы, 19 Ленинград блокадачысы, 984 тыл эмгекчилери 23 концлагерде кармалгандар, 936 курман болгон жоокерлердин жесирлери турушат.

Бишкек шаарында Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 12,0 млн. сом каражат бөлүндү.