“Калыс-Ордо” конушундагы мыйзамсыз курулуштар токтотулду
- Подробности
- Опубликовано 08.05.2014 12:49
2014-жылдын 6-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан “Калыс-Ордо” конушундагы №757 “К” жер тилкесинин батыш тарабында, муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтилип, 7,0*5,0 и 3,0*8,5 метр өлчөмүндө курулуп жаткан турак үйдүн пайдубалы аныкталды.
Аталган факт боюнча Жеке турак-жай куруу департаментинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБна “Муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алуу” жөнүндө билдирүү жиберишти.
Департаменттин жана Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курулушту токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда курулуш иштери токтотулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |