ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте авиамоделдик спорт боюнча Чемпионат өткөрүлөт

11-майда шаардын “Түштүк дарбаза” паркынын аянтында, Жеңиш күнүнө арналган авиамоделдик спорт боюнча биринчи жолу Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлөт.

Чемпионаттын катышуучулары учуучу аппараттарды жасап (планер, самолет, вертолет ж.б.), аларды учууда сыноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мелдештин негизги максаты авиамоделдик спортту өнүктүрүү жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.