Бишкек шаарын тышкы жарыктандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө
Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиш майрамын белгилөөнүн алдында “Жеңиш” аянтында тышкы жарыктандыруу жабдуулары калыбына келтирилди. 650 метр узундуктагы электр чубалгысы, 96 плафон жана лампалар алмаштырылып, кошумча 5 прожектор орнотулду.
Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында 104 лампалар жана 30 плафон алмаштырылды.
Шаардагы тышкы жарыктандыруу жабдууларын калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында 10-кичи районундагы №21, 22, 30, 31, 32, 37, 38-үйлөрдүн айланасында жарыфктандыруу иштери аяктады, жалпысынан 34 жарык берүүчү жабдуулар орнотулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
16.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |