ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерин акыркы сапарга узатуу

Бүгүн, 2014-жылдын 26-апрелинде  Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагери, Даңк орденинин толук кавлери Мстислав Ивановду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Согуш ардагери менен коштошууга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаар райондорунун администрация башчылары жана коомдук ишмерлер келишти.

Мстислав Иванов 1924-жылдын 3-январында Кострома шаарында туулган. 1942-жылдын 20-августунда Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Эки Кызыл Жылдыз, II даражадагы Ата-Мекендик Согуш, II, III даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган. Ал эми Загорск Быстрица кыштагынын алдында душмандарды талкалап, 69 гитлердик баскынчыларды колго түшүргөндүгү үчүн, СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1946-жылдын 15-майындагы Указы менен I даражадагы Даңк Ордени менен сыйланган.