ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Жаңы дайындоолор

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Молдокмат Тезекбаев өз арзынын негизинде кызматынан бошотулду.

Айбек Өмүралиев конкурс өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.

Өмүралиев Айбек Медербекович 1970-жылы туулган. Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык окуу жайынын “Механизация жана технология” факультетин бүтүргөн, андан кийин Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган жана учурда КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасында окуусун улантууда.

Өмүралиев А.М.  Казахстандын (ТОО “Мойын Кум”, ТОО “Vertex””, ТОО “Amitech Astana”), Кыргызстандын ( “Habanos Center Asia” ЖЧК,  “OGUZ” ЖЧК, “Бишкек” ликер-арак заводу бизнес секторунда жана   “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасында, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы комитетининин Бажы инфраструктураларын техникалык жактан өнүктүрүү дирекциясында иштеп келген.