Балдар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу
- Подробности
- Опубликовано 23.04.2014 16:47
2014-жылдын 25-апрелинде шаардык №20-мектеп-гимназиясында “Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окуу-тарбия ишинин концепциясы” деген темада тегерек стол өткөрүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Октябрь райондук билим берүү борборунун, Жергиликтүү аймактык башкаруунун, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, райондук Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү доклад жасашат жана иш-чарага мектеп мугалимдери, психологдор, “Инсан Мууну” балдар кыймылынын жана бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү катышат.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө кодексин”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында кылмыштуулуктун алдын алуу” мыйзамдарын, “2012-2014-жылдарда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” Мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |