ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдорун реконструкциялоо

Бүгүн баш калаада жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо иштери башталгандыгына байланыштуу Бөкөнбаев жана Л.Толстой көчөлөрүндө жол кыймылы жабылды.

Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп, Ала-Арча суусуна көпүрө курулат. Жолдун узундугу 1,580 км., туурасы 9 метрге чейин кеңейтилет. Андан тышкары тротуарлар да жакшыртылат.

Л.Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы жол курулат. Жолдун узундугу 1,65 км., туурасы 16 метрди түзөт. Туурасы 2,5 метрди түзгөн тротуар курулат. Тышкы жарыктандыруунун жаңы жабдуулары орнотула баштады.

Азыркы учурда Л.Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө  курулуш иштери башталды, ал эми Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү курулуш иштерине даярдалууда.

Жол оңдоо жана реконструкциялоо иштери Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы технико-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында гранттык негизде каржыланмакчы.