ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин көчөлөрү жарык болот

Баш калаанын көчөлөрүндө тышкы жарыктандырууну жаңыртуу иш-чараларынын алкагында, заманбап, энергия үнөмдөөчү диоддуу лампалар орнотула баштады.

Бүгүн, 10-апрелде шаардын Токтогул көчөсүнүн Тынчтык проспектинен Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө тышкы жарыктандыруунун жаңы жабдуулары орнотулду.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын башчысы Азамат Кожомкулов аталган лампалардын артыкчылыгын белгилөөдө. Диоддуу LED-лампалары түштүк кореялык Smart Optech компаниясы тарабынан камсыздалды жана аталган компания тышкы жарыктандыруу иштерин аткаруу боюнча тендерге катышат. Ал эми жаңы жабдууларды монтаждоо иштерин “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы аткармакчы. Smart Optech компаниясынын диоддуу лампалары 50 миң саат (9-10 жыл) иштейт. Мурда кызмат кылган натрий лампалары 400 Ватт энергияны талап кылса, азыркы лампалар 100 Ватт кубаттуулукту талап кылат.

Өткөрүлүүчү тендердин алкагында, үч түштүк кореялык жана бир россиялык компания  Бишкек шаарынын Москва, Бөкөнбаев, Токтогул көчөлөрүнө жана Киев көчөсүнүн Манас проспектинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө диоддуу лампаларды орнотушат. Лампаларды пилоттуу орнотуу тендерге катышкан компаниялардын иштерин изилдеп, алардын ичинен бирөөсүн тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.