ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык №13-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бригадасы “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарынын тургундарын медициналык кароодон өткөрдү

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы А.Алиевдин көрсөтмөсү боюнча, 2014-жылдын 10-апрелинен тартып, Биринчи май районундагы жаңы конуштардын тургундарын медициналык кароодон өткөрүү башталды. Медициналык текшерүүлөр социалдык маанидеги оорулардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

№13-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бригадасы 10-11-апрелде “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” жаңы конуштарынын тургундарын медициналык текшерүүдөн өткөрүштү.

Жалпысынан 774 шаар тургундары медициналык кароодон өтүштү, алардын ичинен: Кардиолог 64, терапевт 58, невропотолог 99, хирург 92, педиатр 116, лор адиси 58, УЗИ 56, фтизиатр 7, балдар фтизиатры 5 адамды карап чыкты жана  флюрографиялык текшерүүдөн 219 адам өткөрүлдү.

Медициналык текшерүүлөр жарандардын шаардык каттосуна карабастан акысыз өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен муктаж жарандарга дарылоолор дайындалып, диспансердик каттоого алынат. Ден-соолукту чыңдоо борборлорунун адистери тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары да жүргүзүлүүдө.

№3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бригадасы тарабынан 14-апрелде “Көлмө” конушунун тургундары медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт.