ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

2014-жылдын 9-11-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы шаардын Свердлов жана Октябрь райондорунда санитардык абалды текшерүү рейддерин өткөрдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, “Келечек” жаңы конушунун №15 жана Обьездная көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан ТТС жана унаа жуучу ишкананын айланасында санитардык талаптардын бузулушу аныкталды. Таштандылар баш аламандыкта ташталып, газондорго чачылат, атайын белгиленбеген жерлерге өрттөлөт. Автоунааларды жууган суу канализация менен акпастан, сугат арыктарына келип куюлат.

Ушундай эле көрүнүш “Көк-Жар” кичи районунун №22-үйүндө жайгашкан жеке ишкананын кеңсесине тиешелүү тилкеде орун алган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, аталган ишканалардын жетекчилеринин атына Кыргыз Республикасынын “ Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, Свердлов жана Октябрь райондук административдик комиссияларынын кароосуна жиберилди.