ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Биз таза шаар үчүн” деген аталышта акция өткөрүлөт

Шаарды тазалоо, көрктөндүрүү иш-чараларына шаардыктардын катышуусун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 5-апрелинде, Бишкек шаарынын мэриясы жаштар жана коомдук уюмдардын активисттери менен биргеликте “Биз таза шаар үчүн” деген аталышта акция өткөрөт.

Эртең мененки саат 10-00дон тартып жаштар жана коомдук уюмдардын демилгечил өкүлдөрү Чүй проспектин, Киев көчөсүн, Эркиндик бульварын тазалоого чыгышат.

Акциянын жүрүшүндө шаардыктардын көңүлүн баардык өнүккөн өлкөлөрдө практикаланган экологиялык маданияттын ченемдерине жана тартибине буруу белгиленүүдө. Демилгечил шаардыктар баардык шаар тургундарын көчөлөрдү булгабоого, таштандыларды атайын контейнерлерге таштоого, турак үйлөрдүн айланасын тазалыкта кармоого үндөшөт.

Шаар тургундары аталган иш-чарага катышууга чакырылат, акцияга катышуучулар Чүй проспекти/Фучик көчөсү, Чүй проспекти/Курманжан Датка көчөсү, Тынчтык проспекти/Бөкөнбаев көчөсү, Эркиндик бульвары/ Жибек Жолу проспектинде чогулушат.