ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарды өнүктүрүү Программасында Бишкек ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары катары көрсөтүлөт

Бүгүн, 2-апрелде “2014-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарын социалдык-эконмикалык өнүктүрүү Программасынын” бет ачары өткөрүлдү. Программанын негизиги багыттары менен Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов тааныштырды.

2014-2018-жылдар аралыгында  Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасында баш калаа динамикалык экономикалуу жана натыйжалуу башкаруусу менен, шаар тургундары менен шаар бийликтери өнөктөштүктө коопсуздукту, ыңгайлуулукту түзгөн, ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары катары көрсөтүлөт.

Шаарды өнүктүрүү Концепциясында шаарды өнүктүрүүнүн стратегялык, максаттык багыттары жана саясий чектери чагылдырылды. Ошондой эле баш калаанын келечегинин негизги: коопсуз, ыңгайлуу жана ийгиликтүү шаар   сыяктуу багыттары белгиленген.

Программага тиркелген долбоордук сунуштар, шаарды өнүктүрүүдө киргизилген жаңылык катары, Программанын башкы бөлүгү болуп саналат. Бул долбоорлор өзүнө – шаар бийликтери менен демилгечил топтордун ортосундагы өнөктөштүктү камтыйт.

Программанын негизги милдеттери:

-         Шаарды өнүктүрүүгө багытталган башкаруу системасын реформалоо;

-         Шаардык бийликтин кадрлар потенциалындагы процесстерди жакшыртуу;

-         Шаардагы баардык ресурстарды бириктирген, максималдуу мобилизацияга багытталган жаңы ресурстук саясат түзүү.

Шаарды башкарууну реформалоо, шаарды жана шаардыктардын кызыкчылыгын көздөгөн шаар башкаруусунун баардык элементтерин бириктирүү принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

Жаңыртылган Шаарды өнүктүрүү агенттиги   шаарды башкаруунун негизги элементи болуп калат жана төмөнкү милдеттерди аткарат:

а) шаарды өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу үчүн негизги параметрлерди түзүү;

б) өнүктүрүү Программасын келечекте ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ресурстук саясатты иштеп чыгуу;

в) өнүктүрүү Программасын  ишке ашырууну баалоонун  көп кырдуу системасын ишке киргизүү.

Өнүктүрүү Программасына  ылайык, муниципалдык кызматтардын ишмердиги шаардыктардын талаптарын канааттандырууга багытталат. Алардын ишмердигинин натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп, өз милдеттерин аткаруусу эмес, шаардыктардын жашоо деңгээлинин жакшырышы эсептелет. Ал үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, шаардык кызматтардын жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын ишмердиги түп тамырынан кайра каралат.

Бишкек шаарын өнүктүрүү Программасы Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарынын такуусуна коюлду, эми коомчулуктун талкуусуна сунушталууда.

Программаны көчүрүү (pdf 629Кб)
Скачать Программу (pdf 405Кб)