ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун пациенттерине алардын укутары жана берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, шаардык № 3, 4 -үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тейлеген шаар тургундары менен жолугушуп, алардын укутары жана берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, шаар тургундары жеткиликтүү маалыматтын жоктугунан өздөрүнүн укуктарын пайдалана билишпейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Мамлекеттик кепилдиктер Программасында белгиленген пациенттердин саламаттык сактоо жаатындагы  укуктары, берилүүчү жеңилдиктер кызуу талкууланды. Шаардыктар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын катышуучуларына мамлекеттик жана расмий тилде даярдалган кош бойлуу аялдардын укуктары жөнүндөгү эскерткичтер, буклеттер таркатылды.