ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргызстанда алгачкы жолу аутистикалык мүнөздөгү оорулардан жапа чеккен балдар үчүн сынактык долбоор ишке киргизилет

Баш калаада аутистикалык мүнөздөгү оорулардан жапа чеккен балдарды окутуучу класс ачылат.

Аталган долбоор шаардык №34-көмөкчү мектебинин базасында ишке киргизилет. Класс жети жаштагы 7 баладан турат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып иштей баштайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, аталган категориядагы балдар үчүн өзгөчө шарттар талап кылынат. Окуу классынан тышкары эс алуу бөлмөсү болуусу зарыл.

Долбоорду ишке ашыруу шаардык Билим берүү башкармалыгы жана ата-энелер коомдук бирикмесинин ортосундагы келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүнчүлүккө ээ болду.

Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.