ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин календардык планына ылайык 25-марттан 27-мартка чейин Биринчи май районунун резервдик ротасында машыгуулар өтөт

Биринчи май районунун резервдик ротасында үч күндүк машыгуулар башталды. Машыгуулар шаардык №1-мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлүүдө.

Машыгуулардын жүрүшүндө, “Ала-Тоо” полигонунда штаттык куралдан атуулар боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Аскердик машыгуулар КР Коргоо министрлигинин буйругуна ылайык жыл сайын өткөрүлүп турат.

Өзгөчө резервдик рота Кыргыз Республикасынын “КР коргонуу жана Куралдуу күчтөрү жөнүндө”, “КР мобилизациялоо жана мобилизациялык даярдык жөнүндө” мыйзамдарына жана КР Өкмөтүнүн 2000-ж. 19-майдагы “КР резервдик полктор жана өзгөчө роталар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Биринчи май районундагы маанилүү мамлекеттик обьекттерди кайтаруу, коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында түзүлгөн.

Резервдик рота Биринчи май райондук бюджети тарабынан каржыланат жана кийим, тамак-аш, жатакана, транспорт менен камсыздандырылат.