ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн баш калаанын айрым жерлерине электр энергиясын берүү убактылуу токтотулушу күтүлөт

“Түндүкэлектро” Ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын төмөнкү жерлерине электр энергиясын берүү убактылуу токтотулушу күтүлөт:

"Арча-Бешик" конушуна (Торгой, Эшпай, Сары-Камыш, Абаданов, Шамыралиев, Ош-3000, Ысык-Куль көчөлөрүнө, КТУ аймагы, Айни көчөсү, 14), "Ала-Тоо" конушуна (Ала-Тоо, Заман, Макмал, Терек-Сай көчөлөрүнө), "Көк-Жар" конушуна (Молдокулов, Сайма-Таш, Шоокум көчөлөрүнө).

Ошондой эле Осмонкул, Древесная, Күрөңкеев, Суворов, П.Лумумбы, Садыгалиева, Брестская көчөлөрүнө, Дэн Сяопин проспектине №1019 трансформатордук подстанцияны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана “Кызыл-Аскер” подстанциясынан тартылган 6 кВ электр чубалгысын оңдоого байланыштуу электр энергиясын берүү убактылуу токтотулушу күтүлөт.