Нооруз майрамынан кийин “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын аянттарынан жана көчөлөрүнөн 40 куб таштандыларды чыгарды
- Подробности
- Опубликовано 24.03.2014 11:02
Шаардын борбордук Ала-Тоо жана эски аянттарында “Нооруз-2014” майрамы өткөрүлгөндөн кийин, “Тазалык” муниципалдык ишканасы 40 куб таштандыларды чыгарды. Бул жөнүндө маалыматты “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кутанов билдирди.
Аянттарды жана көчөлөрдү тазалоо иштерине атайын техникалардын 10 бирдиги, 160 жумушчу чегерилди.
Тазалоо иштери 21-мартта саат 22-00дон саат 1-00го чейин улантылды.
Шаардын борбордук Ала-Тоо, эски аянты менен катар Тоголок Молдо көчөсүнөн Советская көчөсүнө, Фрунзе көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыктар тазаланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |