ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 25-мартта шаардын айрым жерлерине таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Батыш-2” суу берүү обьектинде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2014-жылдын 25-мартында саат 9-00дон 17-00го чейин шаардын төмөнкү жерлерине таза суу берүү токтотулат:

Ю. Фучик, М. Фрунзе көчөлөрүнө, Манас проспектине, алардын ичинен “Кыял”, Ош базары, “Берекет” ЖАК, “Берекет-Гранд”, “Берекет” соода комплексине, “Берекет-Универсал” соода комплексине, Бишкек шаарынын Улуттук банкына, “Арпа” ААК, №2-төрөт үйүнө, “Кондитер комбинаты” АК, № 8, 72, 164, 165, 73, 3-балдар бакчасына, Улуттук илимдер академиясына, № 9, 13, 31, 8, 2-орто мектептерге, Бишкек финансы-экономикалык академиясына, Кыргызсиан Эл аралык университетине, Бишкек троллейбус башкармалыгына, Ленин райондук сотуна, № 100-кесиптик лицейине.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана керектүү суунун алдын ала камдап алууну эскертет.