ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Долорес” сулуулук салону бузулат

Шаардык №30-орто мектептин аймагында жайгашкан жеңилдетилген түрдөгү объектти бузуу иштери башталат. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекованын билдирүүсү боюнча, муниципалдык жер тилкесин ижарага берүү келишиминин мөөнөтү 2014-жылдын 19-январында аяктагандыгына байланыштуу жеке ишкер Ильмар Гиреев менен келишимдик милдеттер токтотулду.

Ошону менен бирге райондук администрациянын башчысы, “Жеке ишкер жер тилкесин туура эмес пайдаланган, келишимде белгиленген чач тарач куруунун ордуна, сулуулук салонун, оптика жана зергер буюмдарын сатуучу дүкөндүн курулушун жүргүзгөн. Талаптарга ылайык мындай чечимдердин мыйзамга ылайыктуулугун жана жер тилкесине ижара акысын төлөө тартиптерин карайбыз”,- деп белгиледи.