ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдагы окуучулардын Бишкек шаардык олимпиадасы аяктады

2014-жылдын 12-мартында   саат 10-00,   Т. Сатылганов атындагы  Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында, жалпы билим берүүчү предемттер боюнча окуучулардын Бишкек шаардык  олимпиадасынын жабылыш аземи өткөрүлөт.

Олимпиаданын негизги максаты-окуучулардын ожалпы билим берүү   претметтерине болгон кызыгуусун арттыруу жана чыгармачыл, демилгечил, шыктуу  окуучуларды  тандоо  жана  аларды илимий изилдөөгө, чет тилдерине  болгон  кызыгуусун арттыруу.

Олимпиадалык комиссиянын курамын Бишкек шаарынын   8 жогорку окуу жайларынын  96 профессордук-окутуучуларынын өкүлдөрү  жетектеди.  Олимпиадалык  тапшырмалар Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалды.

2014 - жылдагы Бишкек шаардык окуучулардын олимпиадасына катышкан  423 окуучунун  ичинен 306 окуучу шаардын жалпы билим берүүчү мектептеринин  жана  117 окуучу жеке мектептердин окуучулары болуп сангалышат. 

Бишкек шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү  болуп 138  окуучу табылды, алардын ичинен: 1-орунга  – 45 окуучу,  2 орунга –  46 окуучу,  3 орунга  -  47 окуучу ээ болушту.

 69 байгелүү орун Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен: №61 АФШМЛ -15, №26 МГ - 9, № 69 ОТКГ  – 7, № 6 МГ  – 7,  № 13 МКЛ  – 7,  № 12 ОТКГ – 6,  № 9 ОТКМГ, 67, № 70 ГК –  4,  №№ 20,23 ОТКГ– 3, №31 МГ, №68 ОТКГ, № 28 МЛ,  № 29 МГ,  № 1 ГИ,  № 4 МГ, № 65 ЭЭЛ,  № 66 ОТКГ- 2 жана бирден байгелүү орунга  №№ 24,38,63,62 МГ, №17МЛ, №№18,19,39,2,72,77 орто мектептерине бөлүндү.

42 байгелүү орун   УКГ № 5 жана жеке мектептерге бөлүндү:
 № 5 УКГ  – 17,   Ч. Айтматов  атындагы  БКТЛ – 9,  БКТКЛ- 7,  Г. Гмайнера ОТК –  4, РКТАЛ, ОТК Ариэл – 2 жана «Абитуриент» КБМ – 1
Статусдук мектептердин ичинен эң көп байгелүү орунга: № 5 УКГ-17, №61 АФШМЛ -15, №26 МГ - 9, Ч. Айтматов атындагы БКТЛ – 9, БКТКЛ- 7,  № 69 ОТКГ  – 7, № 6 МГ  – 7,  № 13 МКЛ  – 7,  № 12 ОТКГ – 6,  № 9 ОТКМГ, 67,  № 70 ГК, Г. Гмайнер ОТК –  4,  №№ 20,23 ОТКГ– 3 байгелүү орунга   ээ болушту.

 Шаардык олимпиададан  1- орунду алган окуучулар  2014-жылдын 27-28-мартында өтө турган  Республикалык Олимпиадага катышышат.