ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясышаар тургундарын жана конокторун муниципалдык менчикке аярлуу мамиле кылууга чакырат

Өткөн жылда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы тарабынан Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын колдоосу менен Эркиндик бульварында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эркиндик бульварында отургучтар сырдалып, таштандыларды таштоо жаңы декоративдик үкөкчөлөрү, тышкы жарыктандыруунун жаңы дампалары орнотулуп, газондор жаңыртылган.

Ага карабастан, коомдук жайда санитардык абалдын тартиптерин бузуу токтотулбай келет. Айрыкча жаштар, студенттер тарабынан муниципалдык менчикке адепсиздик менен мамиле кылуу өсүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы шаардыктарга, айрыкча жаштарга, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылып, тазалыкты сактоо чакырыгы менен кайрылат.