ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт

2014-жылдын 7-мартында Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияда саат 11-00до 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри, шаардык Кеңештин депутаттары катышат. Ошондой эле айымдарды куттуктоо боюнча салтанаттуу иш-чаралар шаардын райондорунда өткөрүлөт.

Ленин райондук администрациясы 4-мартта саат 10-00до Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында райондук иш-чараларды өткөрөт.

Салтанаттуу иш-чараларга баатыр-энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, коомдук ишмерлер, жалпысынан 315 айым катышат.

Биринчи май райондук администрациясы П.Шубин атындагы музыкалык мектепте, 6-мартта саат 14-00до 250 айымдын катышуусунда иш-чара өткөрөт.

Ошол эле күнү, саат 11-00до Свердлов райондук администрациясы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 400 айымдын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүүнү белгилөөдө.

6-март күнү, саат 11-00до Улуттук консерваториянын концерттик залында Октябрь райондук администрациясы, ал эми Мамлекеттик тарых музейинин залында Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы айымдарды майрамдары менен куттукташат.