ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаменти курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча жаңы конуштардын тургундарына маалымат берүү иштерин алып барууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти шаардын жаңы конуштарынын тургундарына маалымат берүү максатында иш-чараларды өткөрүүдө.

Департамент тарабынан жаңы конуштардын тургундары менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жер титирөөгө туруштук берүү чараларын колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Турак-жай куруучуларга бул багыттагы эскерткичтер жана сунуштамалар таркатылып берилүүдө. 2013-2015-жылдары жеке турак-жай курууну өнүктүрүү программасынын долбоору даярдалды.

Ошону менен бирге, Департамент тарабынан мыйзамсыз жер тилкелерин басып алган жарандарга чара колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор даярдалды.