ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай куруу үчүн баш калаадан жер тилкелерин алуучу жарандардын кезегинин тизмеси жаңыртылды

Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаменти, “Бишкек шаардык Кеңешинин 09.07.2007-ж. №339-токтому менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу боюнча жарандардын кезегин түзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жер тилкелерин алуучулардын кезегинин тизмеси жаңыртылгандыгын билдирет.

2014-жылга карата жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу кезегинде турган жарандардын саны 6055 миң адамды түзөт.

Райондор боюнча

2014-ж.

Тизмеден чыгарылгандар

Ленин району

 

930 64

Биринчи майрайону

 

2150 45

Свердлов району

 

1164 829

Октябрь  району

 

1811 23

Бишкек шаары боюнча

6055

921

Тапшырылган документтердин туура эместигине байланыштуу тизмеден 921 адам чыгарылган. Документтер тиешелүү тартипке келтирилип, кайра тапшырылгандан кийин, комиссия жарандардын арыздарын кайра карап чыгат.

Жер тилкесин алуучулардын жаңыртылган тизмеси Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынын “Башкармалыктар жана мекемелер” бөлүмүнө жайгаштырылды.