ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мамалекеттик тарых музейинде Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Мамалекеттик тарых музейинде Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Салтанаттуу иш-чарага Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлери, Бишкек шаардык Ардагерлер Кеңешинин активи катышат.

Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган шаардык жана райондук иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 2миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. Салтанаттуу иш-чаралардын жыйынтыгында ардагерлерге материалдык жардамдар тапшырылат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда Улуу Ата-Мекендик согуштун 354 катышуучусу жана 91 майыбы, 19 Ленинград блокадачылары турушат.