ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Свердлов районунда диний мекемелердин ишмердиги текшерилди

2014-жылдын 12-15-февралында, курамы 14 адамдан турган комиссия Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан диний мекемелердин ишмердигин текшерип чыкты.

Комиссия, диний мекемелердин ишмердигин квартал сайын текшерип туруу максатында, Свердлов райондук администрациясынын буйругу менен түзүлгөн. Комиссиянын курамына ЖӨБ, РИИБ, УКМКБ, РББ, ӨКМБ  өкүлдөрү кирди.

Текшерүүлөрдүн негизги максаты – диний мекемелердин диний ишмердикти жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтерин, жалпы санитардык абалын, имараттардын жер титирөөгө каршы бекемдигин текшерүү.

Ал эми медресени текшерүүдө окуучулардын санына, мугалимдердин курамына, ата-энелердин макулдугун күбөлөндүргөн кагаздарга көңүл бурулду.