ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардагы унаа жуучу мекемелердин санитардык абалын текшерип чыкты

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Свердлов районунун аймагында жайгашкан унаа жуучу мекемелердин санитардык абалын текшерип чыкты.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Маяковский жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан «Slt»,  Ауэзов көчөсүндө жайгашкан “Мундуз”, “Учкун” кичи районунда аталышы жок унаажуучу мекемелер тарабынан таштандыларды баш аламандыкта, газонго, сугат тармактарына таштоо фактылары катталды.

Рейддин жыйынтыгы менен аталган мекемелердин ээлеринин атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.