БАШ КАЛААДА “ЭРКЕКТЕРДИН ДЕН-СООЛУГУНУН ЖУМАЛЫГЫ” ДЕГЕН АТАЛЫШТА АКЦИЯ жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 17.02.2014 14:08
Мурда маалымдалгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 15-февралына чейин “Эркектердин ден-соолук жумалыгы” акциясын өткөрдү. Жумалыктын жүрүшүндө урологиялык оорулар текшерилип, акысыз кеңештер берилет.
Бишкек шаарынын башкы урологу Акматов Нурдандын билдирүүсү боюнча, аталган акция шаардын баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, студенттер бейтапканасында, спорт медицина борборунда, №1-шаардык клиникалык ооруканасында жана №3-балдар клиникалык ооруканасында өткөрүлдү,
Акция жума бою өткөрүлүп, шаардын медициналык мекемелерине 4184 мырзалар кайрылды, алардын 373ү таза саламатчылыкта экендиги аныкталды.
Шаардын башкы урологу Н.Акматов: “Кайрылгандардын дээрлик көпчүлүгү, же болбосо 45% өнөкөттүү простатит, жыныстык бездин шишиги 18%, тукумсуздук оорусу менен 8% жапа чегишээри аныкталды”,-деп белгиледи.
“Эркектердин ден-соолугунун жумалыгы” акциясынын 10-февралдан 15-февралга чейинки отчету.
Хр.простатит - 1884
ДГПЖ - 718
Хр.пиел. - 358
МКБ - 215
Тукумсуздук - 110
Бөйрөк кистасы - 43
Варикоцеле - 68
Гидроцеле - 38
Уретрит - 76
Энурез - 10
Мед. кароо - 195
Ден-соолугу таза - 373
Баардыгы – 4184
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |