Спорт гимнастикасы боюнча Алматы шаарында өткөн “Э.Чубакаевдин мемориалынын” VII Ачык турниринде Бишкек шаарынын гимнасттары абсолюттук чемпион болушту
Мурда маалымдалгандай, спорт гимнастикасы боюнча Алматы шаарында өткөн “Э.Чубакаевдин мемориалынын” VII Ачык турнирине катышууга Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү - Насридинов Бекжан жана Ткачук Эмил жиберилген.
Бекжан Насридинов үчүнчү разряддагы чоңдор тобунда абсолюттук чемпиондукту, ал эми Эмил Ткачук экинчи разряддагы өспүрүмдөр тобунда абсолюттук чемпион наамын жеңип алды.
Турнир 7-февралдан 9-февралга чейин Казакстандын түштүк борбору Алматы шаарында өттү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |