ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жайгашкан чарба субъекттери тарабынан санитардык тазалоо, тиешелүү аймактарды кардан, муздан, сугаруу тармактарын  тазалоо иштеринин жүргүзүлүшү текшерилди.

Фрунзе көчөсү, 537 дарегинде жайгашкан “Сова” унаа жуучу ишканасы тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулуп, санитардык талаптар аткарылбастыгы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталды. Ишкананын айланасы кардан, муздан тазаланбайт, таштандылар газонго баш аламандыкта ташталат.

Ошондой эле, Фрунзе көчөсү, 404 даренинде жайгашкан унаа жуучу ишкананын бокснан чыккан суудан тротуарда муз тоңгон, айланасы кардан жана муздан тазаланбайт.

Рейддин жыйынтыгы менен жеке ишкерлердин атына протоколдор түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.