ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун администрация башчысы “Энергоремонт” Жабык акционердик коомунун жана “Кум Шагыл” Ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушту

Бүгүн, 11-февралда Октябрь районунун администрация башчысы К.Токтосартов “Энергоремонт” Жабык акционердик коомунун башкы директору Б.Осмонов жана “Кум Шагыл” Ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы В.Попов менен жолугушту.


“Энергоремонт” Жабык акционердик коомунун башкы директору Б.Осмонов менен жолугушуунун жүрүшүндө 2013-жылы энергетика жабдууларын оңдоо боюнча аткарылган иштер талкууланып, 2014-жылы аткарылчы иш-чаралар, өндүрүштүн көлөмүн өстүрүү маселелерин аткаруу жолдору белгиленди.

Б.Осмонов энергетика жабдууларын оңдоо цехи жана ишкананын тендерлерге катышуу боюнча максаттары жөнүндө маалымат берди.

“Кум Шагыл” Ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы В.Попов менен болгон жолугушууда  ишкананыны ишмердигин жогорулатуу, өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү маселелери талкууланды.