ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Свердлов районунун мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун жана мектеп рэкетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын курамы 11 кишиден турган Өспүрүмдөр иштери боюнча комиссиясы № 46-12-45- жана 4-орто мектептеринин окуучулар, мугалимдер жамааты, ата-энелер коомчулугу менен жолугушуу өткөрдү.


Иш-чара мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун жана мектеп рэкетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, адистер өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча жоопкерчилик, өспүрүмдөрдүн укуктары, милдеттери, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин милдеттери жана жоопкерчилиги жөнүндө кеңири баяндама беришти.

Комиссия райондук билим берүү борборуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондун баардык мектептеринде уюштурууну, социалдык педагогдор, психологдор менен тыгыз байланышта болуп, биргелешкен иш алып барууну сунуш кылды.