ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата Бишкек шаарынын райондук администрациялары иш-чараларды өткөрүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгы белгиленет. Афган согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокерлер катышкан. Алардын 259 баатырларча курман болушкан, 1,5 миң жоокер жарадар, 500 дөй жоокер майып болуп кайтышкан.


Советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата  Бишкек шаарынын райондук администрацияларында салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү белгиленген. Иш-чараларга интернационалчы-жоокерлер,  курман болгон жоокерлердин жесирлери катышат.

Шаардын Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондук администрациялары уюштурган салатанаттуу иш-чараларга 240 адам чакырылды. Ленин району өткөрүүчү иш-чарага 282 адам катышат. Салтанаттуу иш-чаралардын катышуучуларына материалдык жардамдар көрсөтүлүп, концерттик программалар тартууланат.