Баш калаада илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 07.02.2014 13:34
Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында, саат 10-00до Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгынын ачылышын өткөрөт.
Иш-чараны уюштуруучулардын билдирүүсүндө, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы жаштарды илимди, илимдин ар кыл тармактарындагы ишмердиктин жаңы технологияларын изилдөөгө, алган билимдерин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багыттоо максатында өткөрүлмөкчү.
Иш-чарага шаардык мектептердин 8-11-класстарынын 200 дөй окуучулары катышат.
Мектеп окуучуларынын бул багытта эң мыкты баага татыктуу болгон эмгектери, 2014-жылы Кыргызстанда өтүүчү Эл аралыкXIX астрономиялык олимпиаданын каталогуна киргизилмекчи.
Илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы өз ишин 15-февралда И.Раззаков атындагы Техникалык университетте аяктайт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |