Бишкек шаарынын мэриясында көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартибин кароо боюнча тегерек стол өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 05.02.2014 17:58
Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарынын мэриясында көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартибин кароо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чара Бишкек шаардык кеңешинин демилгеси менен өткөрүлдү.
Тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэри, шаардык Кеңештин депутаттары, “Биздин укук” коомдук фондунун, курулушчулар кеңешинин “Көп кабаттуу үй” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Архитекторлор кеңеши жана жарандык сектор тарабынан сунушталган, көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартиби жөнүндө маселе талкууланды.
Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов: “Бишкек шаарынын мэриясы шаардык Кеңештин депутаттары менен бирге аталган маселе боюнча бирдиктүү жобону иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барууну улантат жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилет”,- деди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |