ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ФОМСтун Бишкек аймактык башкармалыгы 23 фармацевтикалык фирмалар менен келишим түздү

ФОМСтун Бишкек аймактык башкармалыгы фармацевтикалык фирмалардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, баштапкы деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программасы боюнча фармацевтикалык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түздү.

Фармацевтикалык фирмалардын жетекчилери менен мамлекеттик кепилдик Программасы жана ОМСтин кошумча Программасы боюнча калкты амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен жеңилдетилген негизде камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФОМСтун Бишкек аймактык башкармалыгы 23 фармацевтикалык фирмалар менен келишим түздү.

Кеңешмеде Дарылардын сапатын экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы С.Нуралиева 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча доклад жасады жана калкты дары-дармек менен камсыздоо боюнча иш-чараларга кеңири токтолду.