ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кышкы спорт майрамына 400 өспүрүм катышат

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Стрельниково айылында жайгашкан спорт базасында, Сочи шаарындагы Олимпиадалык оюндарга арналган “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрөт.

Спорттук иш-чараларга Бишкек шаарынын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелеринен 400 өспүрүм катышат. Программага чана, лыжа тебүү жана ар кандай көңүлдүү оюндаркиргизилген. Спорт майрамынын катышуучулары белектерди алышат.

Кышкы спорт майрамы,  сергек жашоону пропагандалоо жана шаар тургундарынын активдүү эс алуусун уюштуруу максатында экинчи ирээт өткөрүлүп жатат.