Свердлов райондук администрациясында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегия өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 31.01.2014 11:29
Свердлов райондук администрациясында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегия өткөрүлдү.
Күн тартибинде эки маселе каралды:
- Райондун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2014-жылга коюлган милдеттери;
- 2013-жылда райондук администрациянын жарандардын каттары, кайрылуулары жана арыздары менен иш алып баруусунун жыйынтыктары.
Коллегиянын ишине Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары А.Сариев, Л.Васильев, райондук кызматтардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Коллегияда Свердлов райондук администрация башчысынын биринчи орун басары В.Красильников доклад жасады жана 2013-жылы райондук администрациянын аракеттери райондун социалдык –экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө, экономиканын баардык чөйрөсүн колдоого, шаар тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи.
2013-жылы өндүрүштүн айрым тармактарынын өсүшүнө жетишүү камсыздалды:
- машиналарды жана жабдууларды өндүрүү – 2,8 эсе;
- электржабдууларын жана оптикалык жабдууларды өндүрүү 132,3%;
- химиялык өндүрүштө 118,9%;
- минералдык азыктарды өндүрүү 115,6%;
- башка тармактар боюнча 105,4%
- булгары өндүрүү жана булгары буюмдарын өндүрүү 101,6%, ошондой эле 2012-жылга салыштырмалуу чет элдик инвестициялардын келиши 3 эсе жогорулады.
Андан тышкары, “Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын” алкагында 2014-жылга коюлган милдеттер аныкталды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |