ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдоруна саат 8-00дон баштап 236 тонна кум, 22 тонна туз себилди

Бүгүн, 31-январда саат 8-00дон баштап шаар жолдоруна 236 тонна кум, 22 тонна туз себилди.


Азыркы учурда жолдорду жана тротуарларды кардан, муздан тазалоо иштери улантылууда.

Тазалоо иштерине МАЗ автоунаасынын 18 бирдиги, ЗИЛ КДМ 2 бирдиги, 3 грейфердик жүктөөчү, 5 кичи тракторлор чегерилди.

Жолдорду, тротуарларды тазалоо иштерин 530 жумушчу жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери жүргүзүшүүдө.

Жолдорду тазалоо иштери кардын жаашына жараша улантыла бермекчи.

Бул жөнүндө маалыматты “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары П.Клименко билдирди.