СЭИ кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт
- Подробности
- Опубликовано 30.01.2014 10:48
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Ленин району боюнча жүргүзүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө Жайыл Баатыр көчөсү, 43 даренинде жайгашкан “Гарант Стиль” ЖЧКнун курулуш объекттинде санитардык талаптардын жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузуу фактыларын аныктады.
Объекттин айланасы антисанитардык абалда кармалып, курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйылат, сугаруу тармактары таштандыларга толтурулган жана таштандылар жолго чачылган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында “Гарант Стиль” ЖЧКнун башкы директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |