ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн үлүштүк курулушунун тартиби жана шарттары

Шаар тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында Бишкек шаардык кеңешинин 27.11.2008-жылдагы №20-токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн үлүштүк курулушунун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобосу иштелип чыккан.


Аталган жобого ылайык үлүштүк курулуш үч негизги этапка бөлүнгөн:

1-этап – батирдин жалпы баасынын 30% баштапкы төгүм катары төлөө жана үлүшкө катышуу жөнүндө келишим түзүү;
2-этап – курулуш жүрүп жатканда батирдин жалпы баасынын 30% төлөө;
3-этап – батирге киргенден кийин, батирдин жалпы баасынын калган 40% ай сайын 5 жылдын ичинде төлөп туруу.

Үлүштүк курулушка Бишкек шаарында эмгектенген, көп батирлүү үйдүн үлүштүк курулушуна өз ыктыяры менен катышууга даяр, менчигинде турак үйү же Бишкек шаарынын аймагында жеке турак үй куруу үчүн жер тилкеси жок Кыргыз Республикасынын баардык жарандары катыша алышат.

Үлүштүк курулушка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

-         Бекитилген үлгүдөгү арыз;
-         Жеке менчик укугундагы кыймылсыз мүлктүн жоктугун ырастаган маалым кат;
-         Жашаган, иштеген жеринен, айлык акысы, үй-бүлөсү жөнүндө маалым кат;
-         Паспортунун жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү.