ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

28-январда Октябрь райондук администрациясында “Райондун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2014-жылга карата коюлган максаттары жөнүндө” коллегия өткөрүлдү

2014-жылдын 28-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясында  “Октябрь районунун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык  өнүгүүсү жана 2014-жылга  карата коюлган максаттары жөнүндө” райондук коллегия өткөрүлдү.

Коллегиянын ишине Бишкек шаарынын вице-мэри Т.Имашов, шаардык  Кеңештин депутаты С.Салиев жана райондук кызматтардын, мекемелердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.

Райондук коллегияда баяндамалар берилип, жарыш сөздөр жана талкуу жүргүзүлүп тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

2014-жылда жергиликтүү бюджетке салык чогултуу боюнча иш-чараларды өнүктүрүүгө, билим берүү иштерине, калкты социалдык жактан колдоо жана камсыздоо, жумушсуздарды ишке орноштуруу маселелерине басым жасалды.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды, укуктук-ченемдик актыларды аткарууну көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.